Түркия менен Кувейттин ортосундагы соода кызматташтыгы артууда

Түркия-Кувейт соода делегациясы жана эки тараптуу иш жолугушуулары Кувейтте өткөрүлдү.

2061536
Түркия менен Кувейттин ортосундагы соода кызматташтыгы артууда

Соода министри Өмер Болат, жылдын 10 айында Түркиянын Кувейтке экспорту 575 миллион доллар, өз ара соода көлөмүнүн 680 миллион доллар болгонун айтты.

Соода министрлигинин координациясында Түркия экспортчулар ассамблеясы (ТЭА) менен Стамбул текстиль жана кийим экспортчулар бирикмелери тарабынан уюштурулган Түркия-Кувейт соода делегациясы жана эки тараптуу иш жолугушуулары Кувейтте өткөрүлдү.

Жыйынга соода министри Өмер Болат, Кувейттин өнөр жай жана соода министри Мухаммед Осман ал-Айбан, Түркиянын Кувейттеги элчиси Туба Нур Сөнмез, ТЭАнын жетекчиси Мустафа Гүлтепе жана ишкерлер катышты.

Болат иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: "Үстүбүздөгү жылдын 10 айына карата Түркиянын экспорту 575 миллион доллар, эки тараптуу соодасы 680 миллион доллар болду. Биз муну өз ара сүйлөшүүлөр, жарманкелер, сатып алуу делегацияларынын программалары, жалпы соода делегациялары жана тармактык соода делегацияларынын программалары аркылуу тездик менен жогорулатабыз",- деди.

Болат Кувейт мамлекети менен Байкардын ортосундагы улуттук SİHA Bayraktar TB2 экспорттук келишим процессинин ийгиликтүү аяктаганын эске салып, түрк ишкерлеринин Кувейтте маанилүү подряддык ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.



Тектеш кабарлар