Трабзондун түрк лосось экспортунда өсүү
Түрк лососунун экспорту 5 жылда 10 эсеге өсүп, 2023-жылдын 8 айында 10 миң 415 тоннага жетти.
![Трабзондун түрк лосось экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1aaa/4304/fdbb/64fef533db50f.jpg?time=1718858570)
Трабзондон 2018-жылы башталган түрк лосось экспортунан түшкөн киреше 5 жылда 968 пайызга өстү.
2018-жылы миң тонна болгон түрк лососунун экспорту 5 жылда 10 эсеге өсүп, 2023-жылдын 8 айында 10 миң 415 тоннага жетти.
Ошол эле мезгилдеги валюта агымы болсо 6 миллион 265 миң 126 доллардан 968 пайызга өсүп, 66 миллион 910 миң 71 долларга жетти.
Түркиянын 19 облусунан түрк лосось балыгы экспорттолот.
Экспорттун 28 пайызын Трабзон ишке ашырат. Түрк лосось балыгы шаардан 11 өлкөгө сатылат.
Экспорттун 65 пайызы Орусияга жасалса, Вьетнам экинчи, Таиланд үчүнчү орунда турат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718858570)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718858570)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.