Түркия OECDде эң ылдам өскөн экинчи өлкө болду

OECD жана Түркия Статистика мекемесинин (TUIK) маалыматына караганда, Түркия үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь мезгилиндеги көрсөткүчү менен экономикалык өсүүсүн 12-чейрекке чейин улантты.

2031482
Түркия OECDде эң ылдам өскөн экинчи өлкө болду

Түркия жылдын экинчи чейрегинде катталган 3,8 пайыздык өсүү менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) мүчөлөрү арасында эң көп өскөн экинчи, Чоң жыйырмалыктын мүчөлөрүнүн арасында болсо үчүнчү өлкө болду.

OECD жана Түркия Статистика мекемесинин (TUIK) маалыматына караганда, Түркия үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь мезгилиндеги көрсөткүчү менен экономикалык өсүүсүн 12-чейрекке чейин улантты.

OECD өлкөлөрүнүн ичинен Коста-Рика ушул жылдын апрель-июнь мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 5,1 пайыздык өсүү менен биринчи орунду ээледи. Бул өлкөдөн кийин 3,8 пайыз менен Түркия жана 3,5 пайыз менен Мексика турат.

Экинчи чейректеги OECD өлкөлөрүнүн экономикаларынын орточо өсүшү 1,5 пайыз деп бааланды. Аталган мезгилде Европа Биримдигинде (ЕБ) экономикалык өсүш 0,5 пайызды түздү.

OECDде көрсөткүчтөрү жарыяланган өлкөлөрдүн арасында Эстония минус 3 пайыз менен экономикасы эң көп төмөндөгөн өлкө болду. Бул өлкөдөн кийин минус 2,3 пайыз менен Венгрия жана минус 2,2 пайыз менен Швеция бар.

Экинчи чейрек үчүн өсүү маалыматтары жарыяланган Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн ичинен да өсүү темпи эң жогору болгон өлкө 6,3 пайыз менен Кытай ээледи. Бул өлкөдөн кийин 4,9 пайыз менен Индонезия, 3,8 пайыз менен Түркия жана 3,5 пайыз менен Мексика турат.

ЕБ өлкөлөрүнүн өсүү темптерине караганда Ирландия биринчи, Түркия жана Португалия үчүнчү орунда.



Тектеш кабарлар