Moody's түрк банк секторунун кредит рейтингин көтөрдү
Moody's агенттигинин билдирүүсүндө өкмөттүн май айындагы шайлоодон кийин ортодоксалдык саясаттарды ишке ашыруу үчүн таштаган кадамдарынын түрк банктарынын иш-аракеттерин колдооочу багытта болгону белгиленди.
![Moody's түрк банк секторунун кредит рейтингин көтөрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3094/353d/92fd/5eec5e2526083.jpg?time=1719051460)
Эл аралык кредит рейтинги агенттиги Moody's түрк банк секторунун көрүнүшүнүн терстен туруктуулукка көтөрүлгөнүн билдирди.
Moody's агенттигинин билдирүүсүндө өкмөттүн май айындагы шайлоодон кийин ортодоксалдык саясаттарды ишке ашыруу үчүн таштаган кадамдарынын түрк банктарынын иш-аракеттерин колдооочу багытта болгону белгиленди.
Moody's агенттигинин билдирүүсүндө, банктардын тышкы каржылоо позициялары жана долларлашуу деңгээли жакшырганы, өзгөчө чет элдик валютадагы ликвиддүүлүктүн адекваттуу деңгээлде сакталышы күтүлүп жатканы белгиленген.
Түрк экономикасынын быйыл 4,2 пайыз өсүүсү, инфляциянын 51 пайыз болушу күтүлгөнү белгиленген билдирүүдө,«Европа рыногундагы көрүнүшүнөн улам үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында экономикалык басаңдоолорго карабастан Түркиянын күчтүү экспорту жана туризм секторлору өсүүнү колдоону улантат»,делди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719051460)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719051460)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.