Түркиянын Сауд Арабияга экспорту көбөйдү

Сауд Арабия менен карым-катнаштардын нормалдашуусунан улам эки өлкөнүн ортосундагы соода иш-аракеттери да жакшырууда.

2022346
Түркиянын Сауд Арабияга экспорту көбөйдү

Түркиянын Сауд Арабияга экспорту январь-июль мезгилинде 1,2 миллиард доллардан ашты.

Сауд Арабия менен карым-катнаштардын нормалдашуусунан улам эки өлкөнүн ортосундагы соода иш-аракеттери да жакшырууда.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн айдагы Сауд Арабияга сапарынын алкагында түрк жана Сауд Арабия делегацияларынын ортосунда 5 жаңы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Түркиянын Сауд Арабияга экспорту жылдын 7 айында 630 пайызга өсүп 1 миллиард 256 миллион долларга жетти. Ушундайча Сауд Арабия Түркиянын эң көп экспорт кылган 25-өлкө болду.

Бул өлкө Түркиянын нарк жагынан эң көп экспорт кылган экинчи өлкө катары да катталды.

Сауд Арабияга эң чоң экспортту килем өнөр жайы ишке ашырды.

Килем өнөр жайынын Сауд Арабияга экспорту жылдын 7 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 168 миллион 436 миң долларга өстү.



Тектеш кабарлар