Преслинин дизайнердик курткасы 128 миң фунтка сатылды

Элвис Пресли өмүрүнүн акыркы жылында кийген булгаарыдан жасалган куртка Англияда өткөн аукциондо сатыкка коюлду.

2021100
Преслинин дизайнердик курткасы 128 миң фунтка сатылды

1977-жылы каза болгон америкалык рок-н-ролл легендасы Элвис Преслинин дизайнердик курткасы 128 миң фунтка сатылды.

Элвис Пресли өмүрүнүн акыркы жылында кийген булгаарыдан жасалган куртка Англияда уюштурулган аукциондо сатыкка коюлду.

Куртка америкалык коллекционер тарабынан 128 миң фунт стерлингге (4 миллион 395 миң 390 лира) сатылып алынды.

Легендарлуу ырчы узундугу 120 сантиметр болгон булгаары курткасын көз жумганга чейин сүйүктүүсүнүн инисине белек кылган.

Преслинин үкү сымал алтын шакеги да 14 миң фунтка сатылды.



Тектеш кабарлар