Түрк лососунун экспорту өсүүдө

Январь-июнь айларында Түркиядан 40 өлкөгө түрк лосось сатылды.

2008576
Түрк лососунун экспорту  өсүүдө

Түрк лососунун экспорту жылдын биринчи жарымында  өсүүнү улантты.

Чыгыш Кара деңиз  экспортчулар бримдигинин маалыматтарынан алынган билдирүүгө караганда 2022 - жылдын  январь  -  июнь айларында түрк лососунун экспорту  123  миллион 722 миң 151 доллар болуп катталды. 

Бул жылдын ушул эле мезгилинде  экспорт 32 пайызга өсүп 163 миллион  33 миң 492 долларга жетти. 

Түрк лососунун экспорту 2022-жылдын биринчи жарымында 16 миң 774 тонна болсо, бул жылдын ушул эле мезгилинде 35 пайыздык өсүү менен 22 миң 623 тоннага жетти.

Январь-июнь айларындаТүркиядан 40 өлкөгө түрк лососу сатылды.

Биринчи орунду 94 миллион 394 миң 585 доллар менен Россия Федерациясы алып, бул өлкөдөн 28 миллион 927 миң 945 доллар менен Германия, 12 миллион 345 миң 854 доллар менен Беларусь келди.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинен айырмаланып Малайзия, Украина, Дубай, Болгария, Катар, Франция, Азербайжан, Испания, Израиль жана Кувейтке да түрк лососу экспорттолду. 

 



Тектеш кабарлар