Түркиядан чет элдиктердин турак жай сатып алуусунда орустар алдыңкы орунда

Түркия Статистика мекемесинин үй сатуу статистикасынан түзүлгөн маалыматка караганда январь-май айларында эң көп үй сатылган облус Анталья, андан кийин Стамбул, Мерсин, Анкара, Бурса жана Ялова болду.

2004779
Түркиядан чет элдиктердин турак жай сатып алуусунда орустар алдыңкы орунда

Түркияда январь-май мезгилинде чет элдиктер тарабынан турак жай сатып алууда орустар алдыңкы орунду ээлөөсүн улантты.

Түркия Статистика мекемесинин үй сатуу статистикасынан түзүлгөн маалыматка караганда январь-май айларында эң көп үй сатылган облус Анталья, андан кийин Стамбул, Мерсин, Анкара, Бурса жана Ялова болду.

Аталган мезгилде эң көп турак жай инвестициясын орустар жасашкан. Орусия Федерациясынын жарандарына сатылган турак жайлардын саны 44,4 пайыздык өсүү менен 5 миң 723кө жетти.

Украинанын жарандары 770 бирдик менен турак жайга инвестициялоону улантышты. Былтыр 6-орунда турган украиналыктар 5 айда 4-орунга көтөрүлдү.

Бул аралыкта ирандыктар 2324, ирактыктар 809, казактар ​​605, немис жарандары 564, кувейттиктер 373, кытай жарандары 364, азербайжандыктар 336, АКШ паспорттуулар болсо 297 турк үй сатып алышкан.

Өткөн жылдарда жарандары Түркиядан турак жай сатып алган өлкөлөрдүн тизмесинде ар дайым биринчи 4 орунда болгон Сауд Арабия, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңалуусунан улам 2020-жылы 17-орунга түшүп, 2021-жылы тизмеге кирбей калган.

Өлкөлөрдүн ортосундагы жакындашуудан кийин 2022-жылы кайра тизмеге кирген жана Сауд Арабия паспорту бар адамдардын Түркиядан сатып алган турак жайларынын саны алгачкы 5 айда 79,4 пайыздык өсүү менен 296га жетти. Узак убакыттан кийин кайрадан тизмеге кирген саудиялыктардын жылдын калган бөлүгүндө 11-орунга көтөрүлгөнү байкалды.



Тектеш кабарлар