Фатих Султан Мехметтин ханзаадалык дооруна таандык медаль аукционго коюлду

Медаль аукциондо 1,4 миллион фунтка сатылды.

2142461
Фатих Султан Мехметтин ханзаадалык дооруна таандык медаль аукционго коюлду

Осмон дөөлөтүнүн жетинчи падышасы Фатих Султан Мехметтин ханзаадалык дооруна таандык деп эсептелген жана Фатихтин эң эски портретин камтыганы болжолдонгон коло медаль Лондондогу аукциондо 1,4 миллион фунтка (болжол менен 57 миллион лира) сатылды.

Лондондогу Bonhams аукцион үйүндө Ислам жана Инд экспонаттары сатыкка коюлган аукциондо Осмон дооруна таандык көптөгөн эмгектер да сатылды.

Аукциондун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири болгон жана Фатихтин портретин камтыган 1450-жылкы медаль 900 миң лиралык (болжол менен 37 миллион лира) баштапкы баасы менен аукционго коюлду.

Медаль аукциондо 1,4 миллион фунтка сатылды.

Аукциондо узундугу жана туурасы 25 сантиметр болгон, Изникте жасалгандыгы айтылган 3 фарфор бөлүк 12, 14 жана 15 миң фунтка (болжол менен 490 миң, 570 миң жана 613 миң лира) сатылды.

Изникте жасалганы болжолдонгон 1575-жылкы 30 сантиметрлик фарфор табак болсо 55 миң лирага (болжол менен 2,2 миллион лира) сатылды.

Аукциондо Осмон дооруна таандык күмүш жыпар жыттуу зат түтөтүүчү идиш 2 миң стерлингге (болжол менен 81 миң лира), роза суусун куюу үчүн колдонулган идиш болсо 3 миң 200 стерлингге (болжол менен 130 миң лира) сатылды.



Тектеш кабарлар