Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту
Африка өлкөлөрүнө тышкы сатуунун жалпы экспорттун ичиндеги үлүшү январь-апрель мезгилинде 7,2 пайыз деп белгиленди.
![Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/abe9/8d59/9f81/658e6b93c679a.jpg?time=1719042708)
Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту жылдын алгачкы 4 айында 6 миллиард долларга жетти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынан (TİM) алынган маалыматка караганда, Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту жылдын биринчи 4 айында 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга өсүп 6 миллиард долларга жогорулады.
Африка өлкөлөрүнө тышкы сатуунун жалпы экспорттун ичиндеги үлүшү январь-апрель мезгилинде 7,2 пайыз деп белгиленип, Африка өлкөлөрү Түркиянын бул мезгилде эң көп экспорт кылган 12 өлкө тобунун ичинен 5-орунда болду.
Түркия Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 31,6 миллиард доллар, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 9,7 миллиард доллар, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 7 миллиард доллар жана башка Европа өлкөлөрүнө 6,7 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды.
Январь-апрель мезгилинде Африка континентинде Түркия эң көп экспорт кылган өлкөлөр 1,1 миллиард доллар менен Египет, 982,7 миллион доллар менен Марокко, 766,5 миллион доллар менен Алжир, 669,5 миллион доллар менен Ливия жана 325,1 миллион доллар менен Тунис турат.
Африка өлкөлөрүнө экспортто нарк жагынан өсүүдө алдыңкы орунда Египет, Марокко жана Алжир болду.
Эң көп экспорт химиялык заттар жана өнүмдөрү секторунда ишке ашты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719042708)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719042708)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.