Түркиянын деңиз үлүл экспорту

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын биринчи 5 айында Түркиядан 7 өлкөгө 723 тонна деңиз үлүлдөрү экспорттолгондугун айтты.

2002681
Түркиянын деңиз үлүл экспорту

Түркиядан жылдын январь-май мезгилиндеги деңиз үлүл экспорту 159 пайызга өсүп 7 миллион 235 миң 437 долларга жетти.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын биринчи 5 айында Түркиядан 7 өлкөгө 723 тонна деңиз үлүлдөрү экспорттолгондугун айтты.

Аталган экспорттон 7 миллион 235 миң 437 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган: «Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 488 тоннадан 2 миллион 796 миң 325 долларлык киреше алынган. Буга ылайык экспорт сан жагынан 48 пайызга, нарк жагынан 159 пайызга өстү»,- деди.

Гурдоган эң көп деңиз үлүлүнүн 2 миллион 636 миң 526 доллар менен Түштүк Корея Республикасына экспорттолгондугун билдирип, бул өлкөдөн кийин 1 миллион 727 миң 879 доллар менен Кытай Эл Республикасы жана 1 миллион 534 миң 884 доллар менен Япониянын турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар