Мугланын Мармарис районуна круиз менен 480 турист келди

Мармарис круиз портунун чоң пристанына токтогон Багам желектүү 210 метрлик кемеде 480 жүргүнчү жана 460 экипаждын бар экендиги белгиленди

1987685
Мугланын Мармарис районуна круиз менен 480 турист келди

Багам желектүү «Seabourn Encore» круиздик кемеси Мугланын Мармарис районуна барды.

Мармарис круиз портунун чоң пристанына токтогон Багам желектүү 210 метрлик кемеде 480 жүргүнчү жана 460 экипаждын бар экендиги белгиленди.

Бажыдан өткөндөн кийин шаардын борборун жана тарыхый аймактарды зыярат кылган туристтер деңиз жээгиндеги ресторан жана кафелерден тамактанып, Чоң базардан соода кылышты.

Турдун алкагында Анталия портунан келе жаткан круиздик кеменин түнү Кос портуна барары белгилүү болду.

Ошол эле  учурда Бахам желектүү "Resilient Lady" аттуу круиздик кеме да Мугланын Бодрум районуна келди.

Родос портунан келген  277 метрдик кеме Бодрум Cruise Port портуна якорь таштады. Кемеде көпчүлүгү АКШ жана Британия жараны 1866  жүргүнчү менен 1088 кызматкердин бар экендиги маалымдалды.  

Бажыдан өткөн  кемеден түшкөн жана портто музыка тобу тосуп алган  туристтер жээкте кыдырышты, базардан соода кылышты. Айрым жүргүнчүлөр  тарыхый жерлерди кыдырышты.

"Resilient Lady" кечинде Миканос портуна баруу үчүн жолго чыгат.

Бир тараптан Бахам желектүү "Seven Seas Voyager" аттуу круиздик кеме  Антальянын Аланья районуна келди.

Родос аралынан чыккандан кийин багытын Антальяга бурган 206 метрдик кеме эрте мененки сааттарда Аланьяга келди.

Алания портуна келген кемеде көпчүлүгү АКШлык болгон 591 жүргүнчү жана 454 кызматкер бар.

Бажыдан өткөндөн кийин кемеден түшкөн туристтердин бир бөлүгү турларга катышып урандыларды жерлерди зыярат кылышса, айрымдары райондо соода кылышты.

"Seven Seas Voyager" кечинде Лимассолго жөнөйт.

 



Тектеш кабарлар