Түркия деңиз үлүлүнүн экспортунан көп киреше тапты

Жылдын январь-март айларында өлкөдөн 531 тонна деңиз үлүлү экспорттолду.

1981173
Түркия деңиз үлүлүнүн экспортунан көп киреше тапты

Түркия январь-март мезгилинде деңиз үлүл экспортунан 5,6 миллион долларлык киреше тапты.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) көрсөткүчтөрүнө караганда, жылдын январь-март айларында өлкөдөн 531 тонна деңиз үлүлү экспорттолду.

Аталган экспорттон 5 миллион 559 миң 24 долларлык киреше түштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 425 тонна деңиз үлүлү экспорттолуп 2 миллион 424 миң 924 долларлык киреше алынган.

Деңиз үлүлүнүн экспорту ушундайча өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 25 пайыз, нарк жагынан 129 пайызга өстү.

Бул мезгилде деңиз үлүлдөрү 5 өлкөгө, тактап айтканда Түштүк Корея Республикасы, Япония, Кытай Эл Республикасы, Испания жана Грузияга сатылды.

Экспорт 195 пайызга өскөн Түштүк Корея Республикасына 2 миллион 307 миң 380 долларга 194 тонна деңиз үлүлү экспорттолду.

Бул өлкөдөн кийин 1 миллион 337 миң 760 доллар менен Япония, 1 миллион 277 миң 379 доллар менен Кытай Эл Республикасы, 633 миң 31 доллар менен Испания жана 3 миң 474 доллар менен Грузия болду.



Тектеш кабарлар