Түркиянын калкынын 26,5 пайызын балдар түзөт

Балдардын 51,3 пайызы эркектер, 48,7 пайызы кыздар.

1976426
Түркиянын калкынын 26,5 пайызын балдар түзөт

Өткөн жылдын акырынан тарта 22 миллион 578 миң 378 деп белгиленген Түркиядагы балдардын саны өлкөнүн калкынын 26,5 пайызын түздү.

Түркиянын статистикалык мекемеси 2022-жылга байланыштуу балдардын статистикасын жарыялады.

Даректик эл каттоо системасынын жыйынтыгына караганда, 2022-жылдын акырынан тарта Түркиянын калкынын саны 85 миллион 279 миң 553 киши болсо, алардын 22 миллион 578 миң 378ин балдар түздү.

Балдардын 51,3 пайызы эркектер, 48,7 пайызы кыздар.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө 27 өлкөдөгү балдардын саны талданганда, 2022-жылы Евробиримдиктеги көрсөткүч 18,1 пайызды түздү.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен балдардын саны эң көп өлкөлөр 23,6 пайыз менен Ирландия, 21,3 пайыз менен Франция жана 21 пайыз менен Швеция болду.

Балдардын саны эң төмөн болгон өлкөлөр 15,6 пайыз менен Италия, 15,8 пайыз менен Португалия жана 15,9 пайыз менен Мальта турат.

Түркиядагы балдардын саны  26,5 пайызды түзүп, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерден жогору экени байкалды.



Тектеш кабарлар