Орусиянын экспорттук төлөмдөрүндөгү рублдин үлүшү өстү

Орусия 2022-жылдын май айынан баштап дос эмес өлкөлөргө жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү рубль менен ала баштаган.

1973158
Орусиянын экспорттук төлөмдөрүндөгү рублдин үлүшү өстү

Орусиянын экспорттук төлөмдөрүндөгү рублдин үлүшүнүн долларды кууп жетип, евродон да кыйла ашып кеткени маалымдалды.

Орусиянын Борбордук банкынын «Финансы сектору жана көрсөткүчтөрү» отчетунда Орусиянын 2022-жылдын май айынан баштап дос эмес өлкөлөргө жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү рубль менен ала баштаганы эске салынды.

Аталган кадамдын негизинде рублдин экспорттогу үлүшүнүн олуттуу түрдө өскөндүгү белгиленген билдирүүдө: «Улуттук валютанын (рублдин) экспорттогу үлүшү жыл аягында 30 пайыздан ашып доллардын үлүшүнө жетти жана евродон да бир кыйла ашып кетти»,- деп айтылды.

Доллар жана евронун экспорттогу үлүшүнүн жалпысынан 50 пайызга төмөндөгөнүнө көңүл бурулуп, бул абалдын Орусиянын тышкы соодасынын жалпы түзүмүн жана орус фирмалары үчүн соодада уланып жаткан ар түрдүү тобокелдиктерди чагылдырганы белгиленди.

Билдирүүдө компаниялар жана жарандар өз депозиттеринде дос өлкө валюталарынын, өзгөчө юандын үлүшүн көбөйтүшкөнү бирок доллар менен евронун үлүшү азайганы менен юанга салыштырмалуу алардын дагы эле олуттуу үлүшү бар экени кабарланды.



Тектеш кабарлар