Дүйнөлүк банк дүйнөлүк өсүш болжолун жогорулатты
Малпасс Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен Дүйнөлүк Банктын жазгы жыйынынын ачылышынан мурда дүйнөлүк экономикага баайланыштуу билдирүү жасады.
Дүйнөлүк банк тобунун жетекчиси Дэвид Малпасс быйылкы дүйнөлүк экономиканын өсүү болжолунун 1,7 пайыздан 2 пайызга жогорулатылганын билдирди.
Малпасс Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен Дүйнөлүк Банктын жазгы жыйынынын ачылышынан мурда дүйнөлүк экономикага баайланыштуу билдирүү жасады.
Глобалдык экономиканын быйыл 2 пайызга өсүүсү күтүлгөнүн белгилеген Малпасс, глобалдык экономикалык өсүү болжолунун жогорулатылышынын Кытайдын экономикалык көрсөткүчүнүн жакшыруусунан улам болгонун айтты.
Малпасс банк секторундагы кыйынчылыктар жана мунайдын жогорку баасынын быйылкы өсүү перспективаларын төмөндөтүшү мүмкүн экенин эскертти.
Банктын январь айында жарыялаган отчетунда дүйнөлүк экономиканын быйыл 1,7 пайызга өсөрү болжолдонгон.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.