Орусияга дан жана буурчак экспортунун көбөйүшү

Стамбул дан азыктары, буурчак, май уруктары жана азыктары экспорттоочулар биримдигинин (İHBİR) башкаруу кеңешинин төрагасы Казым Тайжы, жаңы жылдын башында 15 миллиард долларлык экспорт максатына карай бекем кадамдарды таштагандарын айтты.

1972449
Орусияга дан жана буурчак экспортунун көбөйүшү

Орусияга дан жана буурчак экспорту март айында 586 пайызга өстү.

Стамбул дан азыктары, буурчак, май уруктары жана азыктары экспорттоочулар биримдигинин (İHBİR) башкаруу кеңешинин төрагасы Казым Тайжы, жаңы жылдын башында 15 миллиард долларлык экспорт максатына карай бекем кадамдарды таштагандарын айтты.

2023-жылы Москвада февраль айында 30-жолу болгон PRODEXPO жана Дубайда өткөн Gulfood 2023 азык-түлүк жарманкеси сыяктуу эки чоң жарманке менен баштагандарын эске салган Тайжы:«Бардык азык-түлүк ишканаларыбыздын, өзгөчө PRODEXPO жарманкеси менен түзгөн маанилүү байланыштар март айында Орусияга экспортубуздун 586 пайызга өсүшүнө себеп болду»,-деп айтты.

Түркия боюнча март айында дан эгиндери экспорту 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,3 пайызга өсүп 1 миллиард 127 миллион доллар болду. Сектордун биринчи чейрек экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,9 пайыз өсүп 2 миллиард 944 миллион долларга жетти.

Өткөн айда İHBİR АКШга 57,8 пайыздык өсүү менен 36 миллион доллар, Орусияга 586 пайыздык өсүү менен 24 миллион доллар жана Алжирге 679 пайыздык өсүү менен 21,4 миллион долларлык экспорт жасады.



Тектеш кабарлар