Евробиримдиктин Орусиядан LNG импорту өткөн жылы өстү

Ушул жылдын январь айында Евробиримдик Орусиядан 1,5 миллиард куб метр LNG импорттоду.

1956219
Евробиримдиктин Орусиядан LNG импорту өткөн жылы өстү

Европа Биримдигинин (ЕБ) Орусиядан суюлтулган жаратылыш газын импорттоосу 2022-жылы акыркы үч жылдын эң жогорку чегине жетти.

Bruegel аналитикалык борборунун маалыматына ылайык, Евробиримдиктин Орусиядан LNG импорту 2020-жылы 14,67 миллиард метр куб, 2021-жылы 14,22 миллиард метр кубду түзгөн.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинада баштаган согуштан кийин Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга болгон энергетикалык көз карандылыгын жоюу үчүн таштаган кадамдары жаратылыш газынын көмүр, мунай жана түтүк жолдору менен соодасына таасирин тийгизсе да LNG импортун кыйгап өттү.

Согуштун биринчи жылында Евробиримдиктин Орусиядан куур аркылуу жаратылыш газ импорту 80 пайызга азайганы менен LNG импорту акыркы үч жылдын эң жогорку чегине жетти.

Евробиримдик өткөн жылы Орусиядан 19,2 миллиард куб метр LNG  импорттогон. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы LNG импортунан 31 пайызга жана 2021-жылдагы көлөмдөн 35 пайызга жогору.

Ушул жылдын январь айында Евробиримдик Орусиядан 1,5 миллиард куб метр LNG импорттоду.



Тектеш кабарлар