Борбордук банктын резервдери акыркы 8 жылдын эң жогорку чегинде

Түркия Республикасынын Борбордук банкы (ТРББ) тарабынан апталык акча жана банк статистикасы  жарыяланды.

1919511
Борбордук банктын резервдери акыркы 8 жылдын эң жогорку чегинде

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) жалпы резервдери 9-декабрь жумасында мурунку жумага салыштырмалуу 3 миллиард 775 миллион долларга өсүп, 128 миллиард 764 миллион доллар менен 2015-жылдын январь айынан бери эң жогорку чегине жетти.

ТРББ тарабынан апталык акча жана банк статистикасы  жарыяланды.

Буга ылайык, 9-декабрга карата Борбордук банктын дүң валюта резерви 3 миллиард 509 миллион долларга өсүп, 84 миллиард 810 миллион долларга жетти. 2-декабрга карата дүң валюта кору 81 миллиард 301 миллион доллар деңгээлинде болгон.

Аталган мезгилде алтын запасы 266 миллион долларга өсүп, 43 миллиард 688 миллион доллардан 43 миллиард 954 миллион долларга жетти.

Ошентип Борбордук банктын жалпы резервдери 9-декабрь жумасында мурунку жумага караганда 3 миллиард 775 миллион долларга өсүп, 124 миллиард 989 миллион доллардан 128 миллиард 764 миллион долларга чыкты. Жогоруда айтылган маалыматтар 2015-жылдын январь айынан бери эң жогорку деңгээлди көрсөттү.

Таза эл аралык камдар 26 миллиард 756 миллион доллар менен 2021-жылдын 12-ноябрынан бери эң жогорку деңгээлге жетти.



Тектеш кабарлар