Айыл чарбада эң жогорку январь-октябрь экспорту

Түркия экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрү.

1904213
Айыл чарбада эң жогорку январь-октябрь экспорту

Айыл чарба сектору 27 миллиард 525 миллион доллар менен январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту быйылкы жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,4 пайызга өсүп 209 миллиард 450 миллион долларга жетти.

Түркиянын айыл чарба сектору жылдын биринчи он айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,3 пайызга өсүп, 27 миллиард 525 миллион доллар менен январь-октябрь айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Айыл чарба тобундагы экспортто рекорд койгон секторлор дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, май өсүмдүктөрү жана азыктары, жашылча-мөмө жемиштер, кургатылган жемиштер жана азыктар, аквакультура жана эт азыктары, эмерек кагаздары жана токой чарба өнүмдөрү болду.

Ирак айыл чарба тобунун экспортунда рекорд койгон секторлордо алдыңкы орунга чыкты.

Иракка дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, май өсүмдүктөрү жана азыктары 1 миллиард 920 миллион 602 миң доллар, мөмө-жемиш азыктары 339 миллион 554 миң доллар, аквакультура жана эт азыктары 633 миллион 713 миң доллар, эмерек кагаздары жана токой чарба өнүмдөрү 824 миллион 552 миң долларлык экспорт жасады.

Немис рыногуна кургатылган мөмө жана азыктары сектору 165 миллион 532 миң долларлык тышкы сатууну ишке ашырды.



Тектеш кабарлар