Египет IMF менен келишим түздү

Египеттин каржы министри Мохаммед Муит Каирде маалымат жыйын өткөрдү.

1898625
Египет IMF менен келишим түздү

Египет Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен 3 миллиард долларлык насыя келишимин түзгөнүн жарыялады.

Египеттин каржы министри Мохаммед Муит, IMF келишимине байланыштуу борбор шаар Каирде маалымат жыйын өткөрдү.

6 айлык реформа программасынын алкагында IMF менен 3 миллиард долларлык насыя келишимин түзгөндөрүн белгилеген Муит, 1 миллиард доллардын Туруктуулук фондунан, 5 миллиард доллардын башка эл аралык өнөктөштөрдөн алынаарын айтты.

Египеттин Борбордук банкы эртең мененки билдирүүсүндө, жергиликтүү валютанын чет элдик валютага карата арзандашын алдын алуу үчүн бир катар чараларды ишке ашырып жатканын маалымдаган эле.



Тектеш кабарлар