Дүйнөлүк банктан энергетика баасы боюнча эскертүү
Банк 2022-жылдын октябрь айындагы товардык рыноктордун болжолдуу отчетун жарыялады.
![Дүйнөлүк банктан энергетика баасы боюнча эскертүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b08d/9947/e69f/6025201712a9d.jpg?time=1719010625)
Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, энергетиканын баасы быйыл 59,1 пайызга кымбаттагандан кийин 2023-жылы 11,2 пайызга арзандашы күтүлүүдө.
Банк 2022-жылдын октябрь айындагы товардык рыноктордун болжолдуу отчетун жарыялады.
Отчетто Европада алдыдагы кыш айларында энергиянын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу тынчсыздануулар күчөп, энергетика рынокторунун бир катар камсыз кылуу көйгөйлөрүнө туш болгону, жогорку энергия бааларынын өзгөчө азык-түлүккө да чагылышы жана азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү созушу мүмкүн экендиги белгиленди.
Өсүп жаткан чийки зат бааларынын инфляциялык басымды узарта турганы баса белгиленген отчетто мунай, жаратылыш газ жана көмүрдөн турган энергия товарлары баа индексинин быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 59,1 пайызга өсүүсү күтүлгөнү айтылды.
Отчетто 2023-жылы энергия баасы индексинин 11,2 пайызга төмөндөшү күтүлүп жатканы, бирок айтылган төмөндөөгө карабастан баалар акыркы 5 жылдын орточо көрсөткүчүнөн 75 пайыз жогору бойдон кала турганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719010626)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719010626)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.