Түштүк-Чыгыш Анадолудан дан экспорту

Сектордун экспортунда 961 миллион 568 миң доллар менен Ирак биринчи орунду ээледи.

1894952
Түштүк-Чыгыш Анадолудан дан экспорту

Түркиянын маанилүү дан өндүрүү борборлорунун бири болгон Түштүк-Чыгыш Анадолудан жылдын 9 айында 3 миллион 318 миң 626 тонна дан экспорттолду.

Тиешелүү мекемелердин маалыматтарына караганда, климаты жана топурак шарттары менен сапаттуу жана даамдуу айыл чарба продукциялары өстүрүлгөн түштүк-чыгышта экспорттоочулар, чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн 3 миллион 318 миң 626 тонналык продукциядан 2 миллиард 593 миллион 942 миң доллар киреше табышты.

Чет өлкөгө эң көп сатылган азык макарон болсо, бул продукциянын экспортунан 490 миллион 144 миң долларлык киреше түштү.

Өсүмдүк майлары жана буудай уну да экспорттоочуларга эң көп киреше алып келген берки азыктар болду.

Сектордун экспортунда 961 миллион 568 миң доллар менен Ирак биринчи орунду ээледи.

Ирактан кийин 216 миллион 655 миң доллар менен Сирия жана 166 миллион 104 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттары турат.



Тектеш кабарлар