Түркия 9 айда 8,6 миллион долларлык деңиз үлүлдөрүн экспорттоду

Аталган сатуудан 8 миллион 627 миң 20 долларлык киреше атүштү.

1893757
Түркия 9 айда 8,6 миллион долларлык деңиз үлүлдөрүн экспорттоду

Түркиядан 2022-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 7 өлкөгө деңиз үлүлдөрүн экспорттоодон 8 миллион 627 миң 20 доллар киреше алынды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, Түркиядан 9 айда 1136 тонна деңиз үлүлү экспорттолду.

Аталган сатуудан 8 миллион 627 миң 20 долларлык киреше атүштү.

Түштүк Корея, Испания, Кытай, Япония, Тайвань, АКШ жана Италия Түркиядан деңиз үлүлдөрүн сатып алган өлкөлөр болду.

Түштүк Кореяга 5 миллион 16 миң 479, Испанияга 1 миллион 347 миң 386, Кытайга 860 миң 690, Японияга 656 миң 562, Тайванга 546 миң 652, АКШга 152 миң 270 жана Италияга 46 миң 981 долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар