Түркия 9 айда коңшуларына 17,4 миллиард долларлык экспорт жасады
Соода министрлиги менен Түркия экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрү.
![Түркия 9 айда коңшуларына 17,4 миллиард долларлык экспорт жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4b25/657a/776b/6347c9ae0e69f.jpg?time=1718877367)
Түркиянын январь-сентябрь айларында коңшулары Болгария, Иран, Ирак, Грузия, Сирия жана Грецияга экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,2 пайызга өсүп 17,4 миллиард долларга жетти.
Соода министрлиги менен Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда өлкөнүн экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга өсүп 22,6 миллиард долларды түздү.
Бул көрсөткүч бардык мезгилдердин эң жогорку сентябрь айындагы экспорт көрсөткүчү катары катталды.
Өлкөнүн январь-сентябрь айларындагы экспорту болсо өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга өсүп 188,2 миллиард долларга жетти.
Түркия январь-сентябрь айларында Болгария, Иран, Ирак, Грузия, Сирия жана Грецияга 17 миллиард 432 миллион 205 миң долларлык экспорт жасады.
Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 миллиард 501 миллион 334 миң доллар болгон.
Ушундайча бул өлкөлөргө экспорт 9 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,2 пайызга өстү.
Аталган мезгилде эң көп экспорт 7 миллиард 507 миллион 983 миң доллар менен Иракка жасалды.
Бул өлкөдөн кийин 3 миллиард 428 миллион 281 миң доллар менен Болгария, 2 миллиард 169 миллион 207 миң доллар менен Греция, 1 миллиард 765 миллион 441 миң доллар менен Иран, 1 миллиард 489 миллион 386 миң доллар менен Грузия жана 1 миллиард 71 миллион 904 миң доллар менен Сирия ээледи.
Түркиянын коңшуларына экспортунун секторлор боюнча бөлүштүрүлүшү талданганда «химиялык заттар жана өнүмдөрү» сектору биринчи орунду алды.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718877367)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718877367)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.