Түркиянын бал экспорту жылдын биринчи жарымында 75 пайызга өстү
2022-жылдын январь-июнь мезгилинде 46 өлкөгө 8 миң 892 тонна бал экспорттолду.
1860206
Түркиянын бал экспорту жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 75 пайызга өстү.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, 2022-жылдын январь-июнь мезгилинде 46 өлкөгө 8 миң 892 тонна бал экспорттолду.
Бул экспорттон 23 миллион 829 миң 670 долларлык киреше түштү.
Буга ылайык биринчи 6 айлык экспорт 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 134 пайызга, наркы жагынан 75 пайызга өстү. Былтыр 3 миң 800 тонна балдан 13 миллион 597 миң 813 долларлык киреше түшкөн.
АКШ, Германия жана Испания эң көп экспорт кылынган өлкөлөр болду.