Сунгур ТККга тапшырылды

Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир Твиттер баракчасынан билдирүү жасады.

1858771
Сунгур ТККга тапшырылды

Көчмө абадан коргонуу ракетасынын ийинден атылган түрү Сунгур Түрк куралдуу күчтөрүнө (TКK) тапшырылды.

Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир Твиттер баракчасынан билдирүү жасап: «Биздин көчмө абадан коргонуу ракета системабыз Сунгур, платформалардан кийин бир жоокер тарабынан ийинден учурулган версиясы менен Мехметчиктин (Түрк аскери) кызматында. Учкучсуз учуучу аппараттарга, реактивдерге жана тик учактарга каршы эффективдүү болгон Сунгур курал системасынын биринчи партиясын ТККга тапшырдык. Ийгилик каалайм»,-деди.

Демир Сунгур курал системасынын өзгөчөлүктөрүн мындайча түшүндүрдү:«Сунгур курал системасы, өз классындагыларга салыштырмалуу дагы алыс аралыкка атат жана душмандын элементтерине көзгө көрүнгөндөн да көп аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылган алдатуучу каршы чараларга туруштук берген инфракызыл издөөчү дүрмөтү менен өзгөчөлөнөт. Мындан ары чет мамлекеттерге бул система боюнча көз каранды болбойбуз. Эмгеги өткөн ар кимди куттуктайбыз. Дайыма айтабыз. Адамдын колунан жаралган бир нерсе болсо, биз эң жакшысын жасай алабыз.Ушул мекенди, ушул улутту сүйүү менен иштеген коргонуу өнөр жай үй-бүлөбүзгө салам».



Тектеш кабарлар