Кара деңиздин балык өстүрүү экспортунун кирешеси 8 айда 11 пайызга өстү
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, 8 айда Кара деңизден 30 өлкөгө 37 миң 15 тонна суу продукциясы сатылганын айтты.
Кара деңизден 2024-жылдын январь-август айларында аквакультура экспортунан түшкөн киреше өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өсүп 227 миллион 17 миң 717 долларга жетти.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, 8 айда Кара деңизден 30 өлкөгө 37 миң 15 тонна суу продукциясы сатылганын айтты.
Калёнжу бул экспорттон 227 миллион 17 миң 717 долларлык киреше түшкөнүн, мунун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 23 пайыз, нарк жагынан 11 пайыз өсүү дегенди билдиргенин айтты.
Калёнжу эң көп экспорт кирешесинин 99 миллион 277 миң 28 доллар менен Орусия Федерациясынан алынганын, андан кийин 25 миллион 745 миң 391 доллар менен Нидерландия жана 21 миллион 973 миң 52 доллар менен Улуу Британиянын турганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөдө
Түркия статистика мекемеси, август айынын жумуш күчү статистикасын жарыялады.