Дүйнөлүк экономика Экинчи Дүйнөлүк cогуштан берки эң чоң сыноого туш болуп жатат

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы Кристалина Георгиева Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун башталышында сөз сүйлөдү.

1831460
Дүйнөлүк экономика Экинчи Дүйнөлүк cогуштан берки эң чоң сыноого туш болуп жатат

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы Кристалина Георгиева дүйнөлүк экономика Экинчи Дүйнөлүк cогуштан (1939-1945) берки эң чоң сыноого туш болуп жатканын айтты.

Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун башталышында сүйлөгөн сөзүндө ЭВФнын төрайымы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн басаңдашынын жана инфляциянын өсүү тенденциясынын артындагы коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнүн пандемиясы, 24-февралда башталган Россия-Украина жаңжалы жана климаттын өзгөрүшүнүн биригип келип чоң катастрофага алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Дүйнөлүк экономика 2-Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң сыноого туш болгонун белгилеген Кристалина Георгиева, пандемиянын үстүнө Украинадагы кагылышуулардын пайда болушу менен кризистен кийин кризис башталганын, андыктан адамдардын өмүрү кыйрап, өсүш төмөндөп, инфляция күчөгөнүн айтты.

Георгиева буга каржы рынокторундагы кескин туруксуздукту жана климаттын өзгөрүү коркунучун кошкондо, адамзат кыйроолордун кесилишкен потенциалына туш болуп жатканын баса белгиледи.

Дүйнөдө азык-түлүк жана энергияга болгон баалардын жогорулашынын үй чарбаларына терс таасирин тийгизгенине көңүл бурган ЭВФнын төрайымы, кризистин карызы жогору чабал өлкөлөр үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратканын, бул өлкөлөрдүн карызын кайра түзүмдөштүрүү зарылдыгын күн тартибине алып чыкканын айтып, бай өлкөлөргө соода тоскоолдуктарын кыскартууга, карыз көйгөйлөрү бар өлкөлөргө жардам берүүгө жана чек араны ашкан төлөмдөрдү жакшыртууга чакырык таштады.



Тектеш кабарлар