Түрк лососунун экспорту

Экспорттон 5 миллион 77 миң 222 долларлык киреше түштү.

1811272
Түрк лососунун экспорту

Жылдын январь-март мезгилинде Чыгыш Кара деңиз аймагынан 6 өлкөгө 5 миллион 77 миң 222 долларлык түрк лососу экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Саффет Калёнжу, аймактан 6 өлкөгө 692 тонна түрк лосось балыгынын сатылганын айтты.

Аталган экспорттон 5 миллион 77 миң 222 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Калёнжу, түрк лососу аймактан эң көп экспорттолгон өлкөнүн Орусия экенин билдирди. 

Калёнжу лосось балыгынын аймактан Канада, Вьетнам, Япония, Беларусь, Грузия жана Таиландга да экспорттолгондугун айтты.



Тектеш кабарлар