Дүйнөлүк өсүш божомолу

Кристалина Георгиева Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирине баа берди.

1800195
Дүйнөлүк өсүш божомолу

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жетекчиси Кристалина Георгиева Украинадагы согушка карабастан дүйнөлүк экономиканын позитивдүү бойдон кала берерин, бирок жайыраак темпте уланарын билдирди.

Кристалина Георгиева "Foreign Policy" журналы уюштурган иш-чарада, Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирине баа берди.

Георгиева быйылкы дүйнөлүк экономикалык өсүш божомолунун төмөндөшү күтүлүп жатканын, бирок өсүү болжолунун дагы эле оң бойдон кала берээрин белгиледи.

Кристалина Георгиева: "Биз өсүштү көтөрүп, көйгөйгө айланган инфляцияны басаңдатуу үчүн күрөшүп жатканбыз. Тескерисинче өсүш төмөндөп, инфляция жогорулап жатат"-деди.

Алсыз экономикаларда рецессия коркунучу болушу мүмкүн экенин белгилеген IMF жетекчиси, согуштан улам келип чыккан жогорку энергетикалык менен азык-түлүк баалары жана Орусияга каршы санкциялар себеп болгон соккулардын көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөгө таасир этээрин белгиледи.



Тектеш кабарлар