Түркиянын даяр кийим экспортунда рекорд

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, даяр кийим жана тигүү өнөр жайы үстүбүздөгү жылдын тийиштүү мезгилинде 22,2 пайызга өсүү менен 1 миллиард 846 миллион долларлык экспортко жетишти.

1792491
Түркиянын даяр кийим экспортунда рекорд

Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайы, январь-февраль айларында 13,8 пайыздык өсүү менен 3 миллиард 441 миллион долларлык экспортту ишке ашырып, быйылкы жылдын эки айында да бардык убакыттардын рекордун жаңыртты.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, өткөн жылдын февраль айында 1 миллиард 511 миллион долларлык экспорт жасаган даяр кийим жана тигүү өнөр жайы үстүбүздөгү жылдын тийиштүү мезгилинде 22,2 пайызга өсүү менен 1 миллиард 846 миллион долларлык экспортко жетишти. 

Январь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,5 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 596 миллион долларлык экспортту ишке ашырып бардык убакыттардын рекордун жаңылаган сектор, февраль айындагы экспорт көрсөткүчү менен да бардык убакыттардын эң жогорку февраль экспортуна жетишти. Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 13,8 пайыздык өсүү менен 3 миллиард 441 миллион долларлык экспорт жасады.

Даяр кийим жана тигүү секторунда өткөн айда 332 миллион доллар менен эң көп экспорт жасалган өлкө Германия болду. Германиядан кийин 216 миллион доллар менен Испания жана 167 миллион доллар менен Улуу Британия турат.



Тектеш кабарлар