Түркия Тажикстанга эң көп инвестиция салган экинчи өлкө

Тажикстандын Инвестициялар жана мүлк боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кадирзаде маалымат берди.

1777181
Түркия Тажикстанга эң көп инвестиция салган экинчи өлкө

Түркия былтыр Тажикстандын экономикасына эң көп инвестиция салган экинчи өлкө болду.

Тажикстандын Инвестициялар жана мүлк боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кадирзаде маалымат жыйында, 2021-жылы өлкө экономикасына түз чет элдик инвестициянын көлөмү эки эседен ашык өсүп 340 миллион доллар деңгээлине жеткенин билдирди.

2021-жылы өлкөнүн экономикасына эң көп инвестиция салган өлкөнүн 210 миллион доллар менен Кытай болгонун белгилеген Кадирзаде, Түркиянын 25 миллион доллар, Швейцариянын 21 миллион доллар жана Франциянын 19 миллион доллар инвестиция салганына көңүл бурду.

Кадирзаде түз инвестициянын 56,9 пайызы тоо-кен тармагына, 9,9 пайызы өнөр жай өндүрүшүнө, 2,1 пайызы курулуш тармагына жумшалганын, учурда өлкөдө жалпы суммасы 3,7 миллион долларды түзгөн 78 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар