11 айда 613 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттолду
Экспорттун көлөмү быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 18 пайызга өстү.
![11 айда 613 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттолду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/635a/65a4/bc26/61bb057bc7e0f.jpg?time=1718859044)
Түркияда Батыш Жер Ортолук деңиз аймагынан мөмө жана жашылча-жемиш экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18 пайыз өсүп 613 миллион 242 миң долларга жетти.
Батыш Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин (BAIB) маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айлык мезгилинде 519 миллион 636 миң доллар болгон экспорттун көлөмү быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 18 пайызга өстү.
Сектордо эң көп 335 миллион 920 миң доллар менен жашылча экспорттолду.
Экинчи орунду 258 миллион 232 доллар менен мөмө жемиштер, үчүнчү орунду 19 миллион 79 миң доллар менен цитрус өсүмдүктөрү ээледи.
Биримдиктин экспорту 11 айда 613 миллион 242 миң доллар болду.
Эң көп экспорттолгон азыктардын тизмесинде биринчи орунду помидор, андан кийин калемпир, алча жана чие алды.
Өлкөлөр боюнча Германия 149 миллион 454 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.
Бул өлкөдөн кийин 73 миллион 813 миң доллар менен Орусия, 58 миллион 44 миң доллар менен Болгария турат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718859045)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718859045)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.