Элван: «2021-жылдагы өсүш 9 пайыздан ашат»

Лүтфи Элван маалымат берди.

1733216
Элван: «2021-жылдагы өсүш 9 пайыздан ашат»

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, 2021-жылы тең салмактуу көз караш менен экономикалык өсүштүн 9 пайыздан жогору болушун күтүшкөндөрүн жарыялады.

Лүтфи Элван, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин План жана бюджет комитетинде министрликтин бюджет сунушуна байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө: «Алдыңкы көрсөткүчтөр жылдын экинчи жарымында ички суроо-талаптын орточо деңгээлин жана күчтүү экспортту көрсөтүп турат. Ушундайча биз 2021-жылы тең салмактуу көз караш менен өсүштүн 9 пайыздан жогору болушун күтөбүз»,-деди.

Эльван: «Биздин күчтүү өнөр жай инфраструктурабыз жана өсүп жаткан дүйнөлүк суроо-талап, экспорттук көрсөткүчтөрүбүзгө абдан оң таасирин тийгизет. 2021-жылдын октябрынан тарта жылдык экспорт 215 миллиард доллардан ашты»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар