Түркияда шамалдан электр энергиясын өндүрүү боюнча рекорд
10-ноябрь шаршемби күнү Түркияда жалпысынан 901 миң 841 мегаватт-саат электр энергиясы өндүрүлдү.
Түркиянын шамал энергиясынан камсыздаган электр энергиясы кечээ 181 миң 249 мегават саат менен жылдын эң жогорку деңгээлине жетип, жалпы электр өндүрүшүндөгү шамалдын үлүшү 20,1 пайыз болду.
10-ноябрь шаршемби күнү Түркияда жалпысынан 901 миң 841 мегаватт-саат электр энергиясы өндүрүлдү.
Бул өндүрүштүн 21,6 пайызын импорттук көмүр электр станциялары түзсө, 20,1 пайыз менен шамал электр станциялары экинчи орунду ээледи. Ушундайча Түркияда шамал энергиясынан өндүрүлгөн электр энергиясы 181 миң 249 мегават саат менен жылдын эң жогорку деңгээлине жетти. Шамалдан электр энергиясын өндүрүү боюнча акыркы рекорд 25-октябрда 174 миң 542 мегаватт-саатты түзгөн.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.