Түрк эмерек өнөр жайы рекорддук экспортко жетишти

Эмерек өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациялары федерациясынын төрагасы Ахмет Гүлеч, 2019-жылы дүйнөдө эң көп мебель экспортун өстүргөн өлкө Түркия болгонун айтты.

1732132
Түрк эмерек өнөр жайы рекорддук экспортко жетишти

Жыл аягы келе электе 3,5 миллиард долларлык рекорддук экспортко жетишкен түрк эмерек өнөр жайы жылды 4,3 миллиард доллар менен жабууну максат кылууда.

Эмерек өндүрүүчүлөр жана ишкерлер ассоциациялары федерациясынын төрагасы Ахмет Гүлеч, 2019-жылы дүйнөдө эң көп мебель экспортун өстүргөн өлкө Түркия болгонун айтты.

Гүлеч : «(2019-жылы) эмерек экспортунда дүйнөдө 6 тепкич көтөрүлүп, дүйнөдө 8-орунду ээледик. Бул рекорд менен 2020-жылы экспортун азайтпаган секторлордун арасында болдук»,-деди.

Гүлеч түрк эмерек өнөр жайынын чоң рыноктордогу үлүшүн арттырганын билдирип: «Жылдын аягына карата экспорт максатыбызды 4 миллиард доллардын үстүнө көтөрдүк. Жылды 4,3 миллиард доллар менен жабууну көздөп жатабыз. 2022 жана 2023 максаттарыбызга жетебиз. 2023-жылы эмерек экспорттоо максатыбыз 6 миллиард доллар болчу. Бул көрсөткүчкө оңой жетебиз, бирок 2022-жылы эмерек экспортундагы өсүү темпи көптөгөн тармактар үчүн көрө албастыктын булагы болот»,-деди.



Тектеш кабарлар