Министр Дөнмез: «Кара деңиздеги ачылыштарыбыздын көлөмү көбөйүшү мүмкүн»

Дөнмез, Түркиянын жаңылануучу энергиядан атомдук энергияга, энергияны үнөмдөөдөн тоо-кен өндүрүшүнө чейин ар бир тармакта чоң ийгилик тарыхын жазганын айтты.

1731527
Министр Дөнмез: «Кара деңиздеги ачылыштарыбыздын көлөмү көбөйүшү мүмкүн»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын Кара деңизде тапкан жаратылыш газ запастарына токтолуп: «Кара деңиздеги ачылыштарыбыздын көлөмүн жана наркын арттыра турган жаңы жакшы кабарларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,-деди.

Энергетика рыногун жөнгө салуу органынын жаңы кызмат имараты жана бүткөрүлгөн Электр станцияларынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Дөнмез, Түркиянын жаңылануучу энергиядан атомдук энергияга, энергияны үнөмдөөдөн тоо-кен өндүрүшүнө чейин ар бир тармакта чоң ийгилик тарыхын жазганын айтты.

Дөнмез Түркиянын орнотулган кубаттуулугунун бир нече айдын ичинде 100 миң мегаватка жете турганын белгилеп: «Бүгүнкү күндө Түркиянын 81 облусунда жаратылыш газы колдонулууда. Кара деңиздеги ачылыштарыбыздын көлөмүн жана наркын арттыра турган жаңы сүйүнүчтүү кабарлар үчүн күн санап жатабыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар