Элвис Преслинин чачы 72 миң 500 долларга сатылды

Аукцион Калифорниядагы Kruse GWS тарабынан өткөрүлдү.

1704695
Элвис Преслинин чачы 72 миң 500 долларга сатылды

Атактуу музыкант Элвис Преслиге таандык бир кумура чач АКШдагы аукциондо 72 миң 500 долларга сатылды.

Аукцион Калифорниядагы Kruse GWS аукцион үйү тарабынан өткөрүлдү.

Аукциондо Преслинин чачы менен бирге 1972-жылы Нью-Йорктогу Madison Square Garden залында берген концерттеринде кийген комбинезон жана плащ жалпысынан 1 миллион 12 миң 500 долларга сатылды.

Элвис Преслинин чачы анын жеке чач тарачы Гомер Гилленд тарабынан сакталгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар