Айыл чарба азыктарын экспорттоодо өсүү

Экспорттун көлөмү январь-август мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,5 пайызга өстү.

1702394
Айыл чарба азыктарын экспорттоодо өсүү

Түркиянын айыл чарба азыктарынын экспорту январь-август мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,5 пайызга өсүп 17 миллиард 953 миллион долларга жетти.

Ушундайча айыл чарба секторунда тарыхтагы эң жогорку 8 айлык экспорт жасалган болду.

Белгиленген мезгилде 5 миллиард 580 миллион доллар менен буурчак өсүмдүктөрү майлуу уруктар жана азыктары эң көп экспорттолду.

Бул мезгилде экспортун көбөйткөн сектор 57,2 пайыз менен декоративдүү өсүмдүктөр жана өнүмдөрү болду.

Бул сектордон кийин 36,5 пайыз менен суу азыктары жана эт азыктары, 26,1 пайыз менен үй эмеректери, кагаз жана токой өнүмдөрү, 22,9 пайыз менен жашылча-жемиштер, 21,2 пайыз менен буурчак өсүмдүктөрү майлуу уруктар жана азыктары, 19,6 пайыз менен жашылча-мөмө жемиштер, 11,8 пайыз менен кургатылган жемиштер жана азыктары, 5,4 пайыз менен фундук жана азыктары, зайтун жана зайтун майы сектору турат.



Тектеш кабарлар