Түркиянын экспорту өсүүдө

Январь-июль мезгилинде экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,9 пайызга өсүп 121 миллиард 325 миллион долларга жетти.

1700115
Түркиянын экспорту өсүүдө

Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 10,2 пайызга өстү.

Түркиянын Статистика мекемеси менен Соода министрлиги биргелешип түзгөн июль айына карата болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын алкагындагы экспорт июль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 10,2 пайызга өсүп 16 миллиард 415 миллион долларды түздү.

Январь-июль мезгилинде болсо экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 34,9 пайызга өсүп 121 миллиард 325 миллион долларга жетти.


Этикеткалар: #соода системасынын

Тектеш кабарлар