Түркиянын помидор экспорту 12 пайызга өстү

Түркия өткөн жылы 51 өлкөгө помидор экспорттоду.

1672714
Түркиянын помидор экспорту 12 пайызга өстү

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Түркиядан помидор экспорттоонун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу болжол менен 12 пайызга көбөйүп, 216 миллион 461 миң долларга жетти.

Түркия өткөн жылы 51 өлкөгө помидор экспорттоп андан 313 миллион 405 миң долларлык киреше тапты.

Былтыркы жылдын январь-июнь айларында 192 миллион 830 миң долларлык помидор экспорттогон Түркия, ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 53 өлкөгө 216 миллион 461 миң долларлык продукция сатты.

Түркиянын эң көп помидор экспорттогон өлкөлөрдүн башында Россия турат. Түркия ушул жылдын биринчи 6 айында Россияга 46 миллион 593 миң доллардык помидор сатты. Россиядан кийин 42 миллион 356 миң доллар менен Румыния жана 30 миллион 547 миң доллар менен Украина ээледи.


Этикеткалар: #Түркиядан помидор

Тектеш кабарлар