Түрк балынан 4 айда болжол менен 11,5 миллион долларлык киреше түштү

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, Түркиядан жылдын алгачкы 4 айында 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.

2145968
Түрк балынан 4 айда болжол менен 11,5 миллион долларлык киреше түштү

Түркиянын январь-апрель айларындагы бал экспортунун көлөмү 11 миллион 477 миң 245 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, Түркиядан жылдын алгачкы 4 айында 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.

Калёнжу бул мезгилде 3 миң 7 тонна бал экспортунан 11 миллион 477 миң 245 долларлык киреше түшкөнүн маалымдап: «Эң көп экспорт кылынган үч өлкө Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Германия жана Испания болду. Бул мезгилде АКШга 3 миллион 963 миң 636 доллар, Германияга 3 миллион 126 миң 576 доллар жана Испанияга 608 миң 580 долларлык бал экспорттолду»,-деди.

Бал экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Калёнжу, өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндегиден айырмаланып Словения, Филиппин, Чехия, Франция, Албания, Непал, Швейцария жана Мароккого да бул мезгилде бал сатылганын билдирди.  



Тектеш кабарлар