Түркиянын экспорту өстү

Май айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1667508
Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорту май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 65,7 пайызга өсүп 16 миллиард 498 миллион долларды түздү.

Түркиянын Статистикалык мекемеси (TUIK) жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн май айындагы болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы Соода Системасынын (GTS) алкагында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 65,7 пайызга көбөйүп 16 миллиард 498 миллион долларга, импорт болсо 54 пайызга көбөйүп 20 миллиард 627 миллион долларга жетти.

Январь-май мезгилинде экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38,3 пайызга көбөйүп 85 миллиард 209 миллион долларга, импорт 25,2 пайыздык өсүү менен 103 миллиард 485 миллион долларга жетти.



Тектеш кабарлар