Түркиядан Кытайга экспорттук жүк ташыган кезектеги поезддер жөнөтүлөт

41 контейнерден турган поезддер жергиликтүү өндүрүштүн MDF капталган жол белгилерин ташыйт.

1644116
Түркиядан Кытайга экспорттук жүк ташыган кезектеги поезддер жөнөтүлөт

Түркиядан Кытайга  6 жана 7-экспорттук поезддер эртең Кожаели Көсекөйдөн жөнөп кетишет.

41 контейнерден турган поезддер атамекендик өндүрүштүн меламин капталган ДСП такталарын ташыйт.

Түркияда 1876, Грузияда 220, Азербайжанда 430, Каспий деңизинде 420, Казакстанда 3 миң 200 жана Кытайда 2 миң 100 чакырым аралыкты басып өтүп Кытайдын Сиань шаарына жете турган поезддер, 8 миң 693 чакырымдык аралыкты болжол менен 2 жумада өтөт.

Баку-Тбилиси-Карс (БТК) темир жол линиясы жана «Темир Жибек жолу» деп аталган Орто Коридор аркылуу жүргүзүлүп жаткан экспорттук жүкташууларда жүктөрдүн түрлөрү көбөйүүдө. Буга чейин муздаткычтар, тоңдургучтар, бор шахталары сыяктуу жүктөргө жүктүн жаңы түрү кошулуп, меламин капталган ДСП такталары дагы Кытайга экспорттолот.

Түркиядан Кытайга жөнөгөн биринчи экспорттук поезд 4-декабрда Стамбулдан транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу катышкан салтанатта жөнөтүлүп, Кытайдын Сиань шаарына 2 континентти, 2 деңизди жана 5 өлкөнү басып өткөн соң 19-декабрда жетти.

Экинчи поезд 20-декабрда 1400 муздаткыч жүктөлүп Черкезкөйдөн, 29-январда жолго чыккан үчүнчү экспорттук поезд менен Түркия менен Кытайдын ортосундагы биринчи бор экспорту темир жол аркылуу ишке ашырылды.

Түркия 5 поезд, 201 вагон жана 216 контейнер менен 8500 тонна экспорттосо, Кытайдан 91.500 тонна жүк 90 поезд 1800 вагон жана 2164 контейнер менен Түркияга келген.

 

 

 



Тектеш кабарлар