Түркиянын зергерчилик өнөр жайы

Зер буюмдарын Экспорттоочулар Ассоциациясы бул сектордун март айындагы жана биринчи чейректеги көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1617308
Түркиянын зергерчилик өнөр жайы

Түркиянын зергерчилик өнөр жайы март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 48 пайызга жогорулады.

Зер буюмдарын Экспорттоочулар Ассоциациясы бул сектордун март айындагы жана биринчи чейректеги көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын маалыматтарына караганда, зергерчилик тармагында 2021-жылдын март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 48 пайыздык өсүү менен 340 миллион 12 миң 661долларлык экспорт ишке ашты.

Ушундайча зер буюмдарынын экспорту жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын биринчи чейрегине караганда 9 пайыздык өсүү менен 976 миллион доллар болду.

Жылдын алгачкы 3 айында эң көп экспорт 157,5 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттарына жасалды. Бул өлкөдөн кийин 143,5 миллион доллар менен АКШ жана 87,6 миллион доллар менен Гонконг ээледеи.



Тектеш кабарлар