Түркиянын февраль айындагы зер буюм экспорту
Түркиянын зер буюмдарынын экспорту өткөн айда 305 миллион 402 миң долларды түздү.
![Түркиянын февраль айындагы зер буюм экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ecfc/6f33/d159/60488e5b023f1.jpg?time=1718835402)
Түркиянын зер буюмдарынын экспорту өткөн айда 305 миллион 402 миң долларды түздү.
Зер буюмдарын экспорттоочулар ассоциациясынын билдирүүсүнө ылайык, өткөн айда эң көп экспорттолгон товар топтору; 217,2 миллион доллар менен "алтын зер буюмдары" болду. Андан кийин 37,7 миллион доллар менен "иштетилбеген же жарым-жартылай иштетилген алтын", 12,4 миллион доллар менен "бриллиант жана бриллианттан жасалган зер буюмдары " 11,2 миллион доллар менен "күмүштөн жасалган зер буюмдары " келди.
Февраль айында эң көп зер буюмдар экспорту 56 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмираттарына жасалды. Андан кийин 49,9 миллион доллар менен АКШга, 30,6 миллион доллар менен Гонконгго, 19,3 миллион доллар менен Кыргызстан жана 19,1 миллион доллар менен Египетке экспорттолду.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718835402)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718835402)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.