OECD Түркиянын экономикасынын өсүү божомолун көтөрдү

OECD "март айындагы экономикалык келечек отчетун" жарыялады.

1598037
OECD Түркиянын экономикасынын өсүү божомолун көтөрдү

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму (OECD), түрк экономикасынын быйылкы жыл үчүн 2,9 пайыз болгон өсүү божомолун 5,9га көтөрдү.

OECD "март айындагы экономикалык келечек отчетун" жарыялады.

Отчетто коронавирустук (Ковид-19) чектөөлөрдүн айрым өлкөлөрдө жана тармактарда кыска мөөнөткө өсүштү кечиктирип жаткандыгы баса белгиленди.

Экономикага карата чоң коркунучтардын уланып жаткандыгы билдирилген отчетто, өлкөлөрдө эмдөөлөрдүн ылдамыраак илгерилешинин чектөөлөрдүн тез арада алынып салынышын камсыйда тургандыгы белгиленди.

"Эмдөөдөгү жай илгерилөө жана жаңы мутациялардын пайда болушу, экономиканын калыбына келүүсүнүн начарлашына, жумушсуздуктун көбөйүшүнө жана компаниялардын банкрот болушуна алып келет» деген эскертүү берилди.

OECDдин отчетунда, Түркиянын экономикасына карата быйылкы жыл үчүн 2,9 пайыз болгон өсүү божомолу 5,9га көбөйтүлдү.



Тектеш кабарлар