Түркиянын алтын өндүрүшүндө рекорд

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Алтын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

1559302
Түркиянын алтын өндүрүшүндө рекорд

Түркияда алтындын өндүрүшү 2020-жылдын аягында (Түркия Республикасы түзүлгөн 1923-жылдан бери) рекорд коюп 42 тоннага жетти.

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Алтын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүн кабыл алуусунда сүйлөгөн сөзүндө энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча өткөн жылдын ийгиликтүү аяктагандыгын билдирди.

Түркияда алтындын өндүрүшү 2001-жылы 1,4 тонна менен башталганын айткан Дөнмез, 20 жыл ичинде жалпысынан 382 тонна алтын өндүрүлгөндүгүн маалымдады.

Түркияда ички жана чет өлкөлүк 18 алтын кенинин өндүрүшү уланып жаткандыгын белгилеген Дөнмез: «20 жаңы алтын кени долбоору да инвестиция үчүн күн санап жатат. Буюрса бул долбоорлордун да ишке кириши менен алтын өндүрүшүбүздү 100 тоннага жеткиребиз»,-деди.

Дөнмез 2020-жылдын башында 40-45 тоннага чейин алтын өндүрүлүшү максат кылынгандыгын белгилеп: «Алтын өндүрүшүбүз коронавирус (Ковид-19) пандемиясына карабастан жылдын аягында республиканын тарыхындагы рекордду жаңылап 42 тоннага жетти. Ушундайча экономикабызга 2,4 миллиард доллар салым коштук»,-деди.



Тектеш кабарлар