ТүркАгым аркылуу Европага 5,8 миллиард куб метр газ ташылды

ТүркАгым газ ташуу акционердик компаниясы газды Түштүк Агым компаниясынын Кыйыкөй газ кабыл алуу терминалынан алып Болгариядагы Истранка өлчөө жана компрессор станциясына эч кандай көйгөйсүз ташып жеткирди.

1556450
ТүркАгым аркылуу Европага 5,8 миллиард куб метр газ ташылды

Россиянын жаратылыш газын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткирген ТүркАгым түтүк жолу аркылуу Европага 2020-жылы 5,8 миллиард куб метр газ ташылды.

ТүркАгым газ ташуу акционердик компаниясы газды Түштүк Агым компаниясынын Кыйыкөй газ кабыл алуу терминалынан алып Болгариядагы Истранка өлчөө жана компрессор станциясына эч кандай көйгөйсүз ташып жеткирди.

Ошентип, 2020-жылы ТүркАгымдан ташылган 5,8 миллиард кубометр жаратылыш газы Болгария, Греция, Македония жана Румыниянын керектөөчүлөрүнө жетти.

Анапа шаарынан Кыйыкөйгө чейинки узундугу 930 чакырымдык эки деңиз линиясы жана 142 жана 70 чакырымдык эки бөлөк кургак линиядан турган ТүркАгым, 2019-жылдын 30-декабрынан баштап газ агымына даяр болуп, расмий ачылышы Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Россиянын Президенти Владимир Путин тарабынан 2020-жылдын 8-январында жасалган.

Ар бир линия 15,75 миллиард куб метрди түзгөн, жалпы  31,5 миллиард кубометр газ сыйымдуулугу болгон ТүркАгымдын биринчи линиясы Түркияга газ агымын камсыздап жатканда, экинчи линия аркылуу Түтүк жолдору менен мунай зат ташуу акционердик компаниясы (BOTAŞ) жана Газпромдун тең укуктуу өнөктөштүгү менен түзүлгөн ТүркАгым газ ташуу акционердик компаниясы тарабынан газ Европага ташылууда.



Тектеш кабарлар